Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара Суу районунун Сарай айылдык кеңешинин (VI шайланган) кезектеги XX сессиясы
2020-жылдын 27-январы № 4
Сарай айыл өкмөтүнүн «Мөңгү-Суу» СПАсынын сугат суу үчүн тарифин бекитүү жөнүндө
Сарай айыл өкмөтүнүн «Мөңгү-Суу» СПАсынын жетекчиси Ф.Калиловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Сарай айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Сарай айыл өкмөтүнүн «Мөңгү-Суу» СПАсынын сугат суу керектөөчүлөрүнө болгон төлөмдөрү (тарифи) суу жакшы жетпеген кээ бир жерлерге жеңилдетүү менен төмөнкүдөй бекитилсин:
2. 2020-жылга 1,0га айыл чарба өсүмдүктөрүнө сугат суу берүү нормасы боюнча суунун акысын төлөө тарифи
№ | Аталышы | сом |
1 | Пахта | 1200 |
2 | Тамеки | 1300 |
3 | Күздүк буудай | 1200 |
4 | Дандык жүгөрү | 1200 |
5 | Жашылча | 1800 |
6 | Картошка | 1800 |
7 | Күн карама | 1300 |
8 | Бак дарак | 1500 |
9 | Бахча (коон.дарбыз) | 1800 |
10 | Беде чөп | 1400 |
11 | Пияз | 3800 |
12 | Шалы | 4800 |
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айыл өкмөтүнүн «Мөңгү-Суу» СПАсынын жетекчиси Ф. Калиловго жүктөлсүн.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
Э.Арзиев. |