Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара Суу районунун Сарай айылдык кеңешинин (VI шайланган) кезектеги XX сессиясы
2020-жылдын 27-январы № 7
Сарай айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2020-жылдын башына карата калган каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө
Сарай айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2020-жылдын башына калган каражаттарды бөлүштүрүү боюнча айыл өкмөтүнүн маалыматтарын угуп жана талкуулап, айтылган сын сунуштарды эске алуу менен Сарай айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Сарай айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 117879,0 миң сом, ал эми чыгаша бөлүгү 85140,3 миң сомго аткарылгандыгы бекитилсин.
2. 2019-жылда аткарылбай калган милдеттенмелер 2020-жылга бекитилген жергиликтүү бюджеттин чегинде каржылансын.
3. 2020-жылдын 1-январына карата пайдаланылбай калган 34088,8 миң сом бюджеттик каражаттар айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн сметага ылайык бекитилсин.
4. Бюджеттик каражаттардын калдыгы бекитилген сметага ылайык, анын ичинде: биринчи кезекте өткөн жылдан каржыланбай калган кредитордук карыздарды жабууга, Кыргыз Республикасынын “ Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы жана жамаатык келишимдин негизинде кызматкерлердин социалдык маселелерин чечүү үчүн компенсация төлөөгө жана айыл өкмөтүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоого жумшалсын.
5. 2020-жылдын 1-январына карата пайдаланылбай калган 494,6 миң сом атайын каражаттар айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн сметага ылайык башкаруу аппаратынын жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин муктаждыктарына чыгымдоо үчүн белгиленсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика, финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
Э.Арзиев. |