Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара Суу районунун Сарай айылдык кеңешинин (VI шайланган) кезексиз XX сессиясы
2020-жылдын 27-январы № 8
Материалдык жардам берүү жөнүндө
Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Эркин айылынын тургуну Жусуев Белек бөйрөгүнөн операция кылдырууга акча каражаты керек болуп жатандыгы тууралуу арызын угуп жана талкуулап Сарай айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Эркин айылынын тургуну Жусуев Белекке операция кылдырууга 30000 (отуз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын бөлүштүрүп берүү жагы Сарай айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы С.Бекмуратовага милдеттендирилсин.
3. Акча каражатын бөлүп берүү жагын камсыз кылуу туруктуу бюджет комиссиясына жүктөлсүн.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
Э.Арзиев. |