Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара Суу районунун Сарай айылдык кеңешинин (VI шайланган) кезексиз XXI сессиясы
2020-жылдын 17-марты № 1
Сарай айыл өкмөтүнүн аймагында коронавирус боюнча кырдаалга байланыштуу пайда болгон экономикалык кесепеттерден чыгуу максатында ыкчам чараларды көрүү жөнүндө
Сарай айыл өкмөтүнүн аймагында коронавирус боюнча кырдаалга байланыштуу пайда болгон экономикалык кесепеттерден чыгуу максатында ыкчам чараларды көрүү, азык түлүк продукцияларынын баасын туруктуу сактоо жана эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү максатында токтом кылат:
1. Сарай айыл аймагындагы бардык ишкана уюмдар менчигине карабастан коронавируска байланыштуу Кыргыз Республикасынын монополияга каршы күрөшүү боюнча комитетинен көрсөтүлгөн баадан ашпоосу жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, бардык тийиштүү маалыматтарды берип турушсун.
2. Сарай айыл өкмөтүнүн аймагындагы соода түйүндөрүндө, базарларда сатылып жаткан ун продукцияларын, өсүмдүк майларын, кум шекер жана башка продукциялардын баасынын кескин өсүшүнө жол бербөө максатында сатуучулар жана эл арасында түшүндүрүү иш чараларын жүргүзүшсүн.
3. Сарай айыл аймагындагы чайкана, ашкана, кафе, ресторандарга жана үйлөрдө 50 адамдан ашкан ар кандай той жана башка шаан шөкөттөргө чектөө киргизилсин.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
Э.Арзиев. |