Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара Суу районунун Сарай айылдык кеңешинин (VI шайланган) кезексиз XXII сессиясы
2020-жылдын 18-июну № 1
Базардагы баш аламандыкты жоюу, коронавирус инфекциясын алдын алуу, кызыл сызыктан чыгып кеткен жана өрт коопсуздугуна тоскоол болгон обьектилерди снос кылып текшерүү максатында комиссия курамын түзүү жөнүндө
Коронавирус инфекциясынын жайылып кетүүсүн алдын алуу жана Сарай айыл өкмөтү менен маакулдашылбаган базардагы кызыл сызыктан чыгып кеткен соода кылуучуларды иретке келтирип, өрт коопсуздугуна тоскоол болгон тосмолорду снос кылуу жана өз алдынча жерди ээлеп алган участокторду текшерүүгө комиссия курамын түзүү үчүн сунушту угуп жана талкуулап Сарай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Коронавирус инфекциясынын жайылып кетүүсүн алдын алуу жана мыйзамсыз базардагы Сарай айыл өкмөтү менен маакулдашылбай коюлган контейнерлерди, кызыл сызыктан чыгып кеткен соода кылуучуларды иретке келтирип, өрт коопсуздугуна тоскоол болгон тосмолорду алдырып таштоо жана өз алдынча жерди ээлеп алган участокторду текшерүү үчүн комиссиясынын курамы төмөндөгү депутаттардан төмөндөгүдөй курамда түзүлсүн:
1. Комиссиянын төрагасы Акимов Мурат
2. катчысы Мошонов Мелисбек
3. мүчөсү Анарбаев Абдыкапар
4. мүчөсү Салимов Алтынбек
5. мүчөсү Акылбеков Элнур
6. мүчөсү Тагаев Садырбек
7. мүчөсү Чодонов Билалдар базардагы бардык маселелер боюнча текшерүү жүргүзүп өрт коопсуздугуна тоскоол болгон тосмолорду алдырып таштоо милдети жүктөлсүн.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
Э.Арзиев. |