Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара Суу районунун Сарай айылдык кеңешинин (VI шайланган) кезексиз XXII сессиясы
2020-жылдын 18-июну № 3
Жер тилкелерин трансформациялоо жөнүндө
Сарай айыл өкмөтүнүн аймагында көп жылдан бери көйгөй жаратып келе жаткан маселелердин бири болгон, мыйзамсыз курулган жеке турак жайларды мыйзамдаштыруу максатында, айылдык аймактын жарандарынын арыздарын жана сунуштарын эске алуу менен КР Жер кодексинин 18-беренесине ылайык, жер мыйзамдарын шайкеш келтирүү үчүн, КР №512 токтому менен бекитилген “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” КР Мыйзамы күчүнө киргинге чейин жеке турак үйлөр курулуп калган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же алардын укук мурастоочусу болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органдарынын чечимдери бар болгон сугат айдоо жерлеринин жер участокторун которуунун убактылуу тартибин жетекке алып, Сарай айылдык кеңеши жогорудагыларды угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Тельман, Киров, Эркин, Коңурат жана Присавай айылдарындагы төмөнкү контурлар:
Тельман айылы
- 38-контурда жайгашкан-6,70 га жер тилкеси
- 60- контурда жайгашкан-28,40 га жер тилкеси
Киров айылы
- 113- контурда жайгашкан-6,47 га жер тилкеси
- 83- контурда жайгашкан- 2,23 га жер тилкеси
- 280- контурда жайгашкан-1,69 га жер тилкеси
- 85- контурда жайгашкан- 6,70 га жер тилкеси
Эркин айылындагы
- 156- контурда жайгашкан-6,70 га жер тилкеси
- 157- контурда жайгашкан-1,20 га жер тилкеси
- 156- контурда жайгашкан-3,90 га жер тилкеси
- 155- контурда жайгашкан-6,97 га жер тилкеси
- 217- контурда жайгашкан-14,70 га жер тилкеси
- 244- контурда жайгашкан-1,0 га жер тилкеси
- 151- контурда жайгашкан-12,35 га жер тилкеси
Коңурат айылы
- 248- контурда жайгашкан-5,48 га жер тилкеси
- 268- контурда жайгашкан-3,55 га жер тилкеси
Присавай айылы
- 119- контурда жайгашкан-10,0 га жер тилкеси
Сугат айдоо жерлеринде жайгашкандыгына карабастан, 2009-жылга чейин эле мыйзамсыз жеке турак жайлар курулгандыгына байланыштуу Сарай айыл аймагынан жалпысы 117,59 га айыл өкмөттүн башкаруусунда турган жер тилкелери, 2018-жылдын 2-августунда кабыл айынган КР айрым мыйзам актыларына (“Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө”, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” КР мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамынын талаптарына ылайык, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуш жерлери” категориясына которулуусу боюнча макулдугубузду беребиз.
Жогорудагы көрсөтүлгөн маселе боюнча Сарай айыл өкмөтү тарабынан тишелүү токтом кабыл алынып, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясына жолдонулсун.
Бул токтомду аткаруу жагы Сарай айыл өкмөтүнүн жер адиси С. Мамиевге жүктөлсүн.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
Э.Арзиев. |