Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара Суу районунун Сарай айылдык кеңешинин (VI шайланган) кезексиз XXII сессиясы
2020-жылдын 18-июну № 4
Киров айылына караштуу Гүлзардагы көчөнүн атын коюу жөнүндө
Кирова айылына караштуу Гүлзар кварталынын №3 көчөсүнүн тургундарынын чогулушунун протоколун угуп жана талкуулап Сарай айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Киров айылына караштуу Гүлзар кварталындагы Гүлзар №3 көчөсүнө өзгөртүү киргизилип, Киров айылынын тургуну маркум Майыков Капардын аты ыйгарылсын.
2. Атасынын же чоң атасынын аты ыйгарылган көчөнү жарыктандырууга, таза суу менен камсыз кылууга, ошол көчөдөгү жакыр жашаган жарандарга материалдык жардам берүүгө жана көчөгөнүн аты жазылган тактайчаларды жана үйлөрдүн номерлерин илүү жагы уул-кыздарына жана неберелерине милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
Э.Арзиев. |