Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара Суу районунун Сарай айылдык кеңешинин (VI шайланган) кезектеги XXIII сессиясы
2020-жылдын 18-октябры № 4
Тельман айылына караштуу жаңы чектин көчөлөрүнүн атын коюу жөнүндө
Тельман айылына караштуу жаңы чектин тургундарынын чогулушунун протоколун угуп жана талкуулап Сарай айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Тельман айылына караштуу аты коюла элек жаңы чектеги көчөгө Тельман айылынын тургуну Арзыматова Алтындын аты ыйгарылсын.
2. Атасынын же чоң атасынын аты ыйгарылган көчөнү жарыктандырууга, таза суу менен камсыз кылууга, ошол көчөдөгү жакыр жашаган жарандарга материалдык жардам берүүгө жана көчөгөнүн аты жазылган тактайчаларды жана үйлөрдүн номерлерин илүү жагы уул-кыздарына жана неберелерине милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
Э.Арзиев. |