Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара Суу районунун Сарай айылдык кеңешинин (VI шайланган) кезектеги XXIV сессиясы
2020-жылдын 23-декабры № 1
Сарай айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Сарай айыл аймагынын 2021-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү жана айыл аймагынын штаттык бирдиги боюнча талкуулап чыгып Сарай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сарай айыл аймагынын 2021-жылга карата каралган бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 127900,1 миң сом, анын ичинен 4300,0 миң сом атайын каражат ата-энелер взносунун эсебинде алымча кошумчасы менен бекитилсин.
Башкаруу аппаратына -11110,7 миң сом, Жайыт комитетине -800,0 миң сом,Турак жай жана коммуналдык кызматтарга -85130,4 миң сом, Китепканага -650,0 миң сом, Маданият үйүнө -1200,0 миң сом, Маданият боюнча башка иш-чараларга -1385,0 миң сом, Бала бакчаларга -7824,0 миң сом, Билим берүү мекемелерине -10000,0 миң сом, Балдар үйүнө -1500,0 миң сом, жана элге социалдык жардам берүүгө -4000,0 миң сом акча каражаты бекитилет.
2. Сарай айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышын толук камсыз кылуу боюнча жергиликтүү иш алып баруу жана ай сайын коюлган пландарды аткарууга жетишүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин. Башкаруу аппаратынын кызматкерлери 37, анын ичинен ФЭБ башчысы 1, айыл башчылары 6, башкы адис 5, жетектөөчү адис 6 жана адис 9 штат бирдиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому № 403 келишим менен 1 штат бирдиги өлчөмүндө бекитилсин. Келишим менен иштеген кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому № 131 01.03.2017-жылдагы мыйзамы менен эмгек акы төлөнүп берилсин.
3. Сарай айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгү сметанын негизинде 2021-жылга түшкөн кирешелердин чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон статьяларга (эмгек акы, соц. фонд, дары дармек, тамак аш, коммуналдык чыгымдарга чегерүү) каржылануусу менен белгиленсин.
4. Жыл ичиндеги бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө киргизиле турган кошумчалар жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 109 беренесине ылайык бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын макулдугу менен жүргүзүлсүн.
5. Сарай айыл өкмөтүнүн киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы 6 жана 9 айдын жана жылдын жыйынтыгы менен Сарай айылдык кеңешинин иш планынын негизинде сессиясында каралсын.
6. Сарай айыл аймагынын 2020-жылга каралган бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Кара-Суу башкармалыгынын 2020-жылдын 25-декабрындагы №02-27-180 катынын негизинде такталган план боюнча 120146,3 миң сом, анын ичинен 3466,6 миң сом атайын каражат ата-энелер ввзносунун эсебинде алымча кошумчасы менен бекитилген.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
Э.Арзиев. |