Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара Суу районунун Сарай айылдык кеңешинин (VI шайланган) кезектеги XXIV сессиясы
2020-жылдын 23-декабры № 2
Сарай айыл өкмөтүнүн балансындагы жеңил авта унааны баалоо жөнүндө
Сарай айыл өкмөтүнүн балансында турган Мицубиши жеңил авто унаасын көзкарандысыз эксперттерге баалатып, кеткен чыгымдарды чыгарып таштап, калган суммасы менен ветсервисте жетекчи болуп иштеп келген Абдырахманов Пайзиллага, пенсияга чыккандыгына байланыштуу өзүнө сатуу тууралуу сунушту угуп жана талкуулап Сарай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сарай айыл өкмөтүнүн балансында турган ветсервистин Мицубиши жеңил авта унаасы көзкарандысыз эксперттерге баалансын.
2. Көзкарандысыз эксперттерге бааланган суммадан Абдырахманов Пайзилланын ремонтторго кетирген суммасы алынып ташталып, калган сумма менен өзүнө сатылсын.
3. Көзкарандысыз эксперттерге баалатып, ремонтко жумшалган баасын чыгарып берүү жагы Сарай айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына жүктөлсүн.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
Э.Арзиев. |