Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара Суу районунун Сарай айылдык кеңешинин (VI шайланган) кезексиз XXIV сессиясы
2020-жылдын 23-декабры № 3
Эркин айылына караштуу жаңы чектин көчөлөрүнүн атын коюу жөнүндө
Эркин айылына караштуу жаңы чектин тургундарынын чогулушунун протоколун угуп жана талкуулап Сарай айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Эркин айылына караштуу аты коюла элек жаңы чектеги көчөгө Эркин айылынын тургуну маркум Ысаков Полоттун аты ыйгарылсын.
2. Атасынын же чоң атасынын аты ыйгарылган көчөнү жарыктандырууга, таза суу менен камсыз кылууга, ошол көчөдөгү жакыр жашаган жарандарга материалдык жардам берүүгө жана көчөгөнүн аты жазылган тактайчаларды жана үйлөрдүн номерлерин илүү жагы уул-кыздарына жана неберелерине милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
Э.Арзиев. |