САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара Суу районунун Сарай айылдык кеңешинин (VI шайланган) кезексиз XXV сессиясы
2021-жылдын 8-февралы № 10
Сарай айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Сарай айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнө кошумча акча каражаты түшкөндүгүнө байланыштуу түшкөн акча каражатын киреше кылуу үчүн план бекитүү максатында Сарай айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын сунушун угуп жана талкуулап Сарай айылдык кеңеши токтом кылат
1. Сарай айыл өкмөтүнүн балансында турган муниципалдык мүлктөрдү сатууда, ижарага берүүдө уюштуруу иштерин камтуу максатында үстөк комиссиондук жыйындын түшкөндүгүнө байланыштуу атайын каражаттын 70111 разделдин 14238900 элементине 500,0 миң сом акча каражаты көбөйтүлүп, 70111 разделдин 3112 статьясынын 31123290 элементине 500,0 миң сом акча каражаты көбөйтүлүп бюджетке өзгөртүү киргизилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу бюджет комиссиясына жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышы Сарай айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы С.Н.Бекмуратовага милдеттендирилсин.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
Э.Арзиев. |