Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Сарай айылдык кеңешинин (V шайланган) кезектүү XХV сессиясы
2016-жылдын 2-февралы № 1
Сарай айыл өкмөтүнүн Ак-Өргө жаңы конушунун көчөсүнө ат коюу жөнүндө
Сарай айыл өкмөтүнүн Ак-Өргө жаңы конушунун Ош-Кара-Суу жолунун сол тарабында Ак-Өргө жаңы конушунун бүтүшүндөгү акыркы көчөсүнүн тургуну Жороева Гүлмиранынын билдирүүсүн угуп, талкуулап, Сарай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ош-Кара-Суу жолунун сол тарабында Ак-Өргө жаңы конушунун бүтүшүндөгү акыркы көчөсүнө Жороев Келдибектин аты ыйгарылсын.
2. Жогорудагы Жороев Келдибектин аты ыйгарылган көчөнү жарыктандырууга, таза суу менен камсыз кылууга, ошол көчөдөгү жакыр жашаган жарандарга материалдык жардам берүүгө жана көчөгө аты жазылып тактайчаларды илүү жагы кызы Жороева Гүлмирага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Өргө жаңы конушунун тургуну Жороева Гүлмирага жүктөлсүн.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Салимов. |