Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Сарай айылдык кеңешинин (V шайланган) кезектүү XХV сессиясы
2016-жылдын 2-февралы № 4
Сарай айыл өкмөтүнүн аймагындагы муниципалдык менчигиндеги кыймылсыз мүлктөрдү менчиктештирүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө карата менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 13-беренесинин 1-пунктун эске алып, Сарай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын “Мүлккө карата менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 13-беренесинин 1-пунктуна ылайык Сарай айыл аймагынын муниципалдык менчигиндеги кыймылсыз мүлктөрү көз карандысыз баалоочуга бааланып, мыйзам чегинде сатыкка коюлуп, сатыктан түшкөн акча айыл өкмөттүн кирешесине кошулсун.
2. Муниципалдык менчиктеги жараксыз, авариялык абалга келген имараттарды, башка кыймылсыз мүлктөрдү сатууну мыйзамдаштыруу жагы Сарай айыл өкмөтүнүн жер адистерине жана юристине милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Салимов. |