Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Сарай айылдык кеңешинин (V шайланган) кезектүү XХV сессиясы
2016-жылдын 2-февралы № 5
Сарай айыл өкмөтүнүн Тельман айылын тарыхый атына өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаев тарабынан 2016-жыл тарых жана маданият жылы деп жарыяланган Жарлыгынын алкагында, Сарай айыл өкмөтүнүн Тельман айылынын тургуну, социалистик эмгектин баатыры А.Абдраимовдун билдирүүсүн жана Тельман айылында 14.01.2016-жылдагы өткөн жыйынын негиз кылып Сарай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сарай айыл округундагы Эрнест Тельман айылына аты Сарылар айылы деген, тарыхый аты кайтарылып ыйгарылсын.
2. Тельман айылынын атын тарыхый аты Сарылар деп өзгөртүүдө тийиштүү документтерди даярдоого жана айыл арасында пикир келишпестиктерди алдын алууга Сарай айылдык кеңешинин депутаты Т.Шералиевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы кеңештин депутаты Т. Шералиевге жүктөлсүн.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Салимов. |