Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Сарай айылдык кеңешинин (V шайланган) кезектүү XХVII сессиясы
2016-жылдын 27-февралы № 1
“Сарай айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө”
Сарай айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы С.Бекмуратованын 2016-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү жана айыл өкмөтүнүн штаттык бирдиги боюнча билдирүүсүн талкуулап чыгып Сарай айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сарай айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата каралган бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 149329,8 мин сом анын ичинде 2924,8 мин.сом атайын каражат ата-энелер взносунун эсебинде алымча кошумчасы менен бекитилсин.
2. Сарай айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышын толук камсыз кылуу боюнча жеткиликтүү иш алып баруу жана ай сайын коюлган пландарды аткарууга жетишүү жагы айыл өкмөтүнүн салык инспекциясына жана ФЭБ нө милдеттендирилсин. Башкаруу аппаратынын кызматкерлери 35,анын ичинен ФЭБ башчысы 1, айыл башчылары 5, вус инспектору 5, башкы адис 5, жетектөөчү адис 6 жана адис-3, тейлөө кызматкерлери 4 штат бирдиги, КР өкмөтүнүн токтому №403 келишим менен 3 штат бирдиги өлчөмүндө бекитилсин. Келишим менен иштеген кызматкерлерге КР өкмөтүнүн токтому №384 08.07.2013-жылдагы мыйзамы менен эмгек акы төлөнүп берилсин.
3. Эмгек келишиминин негизинде 5 штат бирдиги коммуналдык тейлөө бөлүгүнөн кармалсын, КР өкмөтүнүн токтому №22 23. 01.2008-ж негизинде эмгек акы телөнүп берилсин.
4. Сарай айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгү сметанын негизинде 2016-жылга түшкөн кирешелердин чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон статьяларга (эмгек акы, соц.фонд, дары дармек, тамак ашка чегеруу) каржылануусу менен белгиленсин.
5. Жыл ичиндеги бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө киргизиле турган кошумчалар жана толуктоолор бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын макулдугу менен жүргүзүлсүн.
6. Сарай айыл өкметүнүн бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы 6 айдын жыйынтыгы менен Сарай айылдык Кенешинин сессиясында каралсын.
7. Сарай айыл өкмөтүнүн 2015-жылы жумшалбай калган акча каражаты 1558,1 мин сом "Жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүү үчүн чегерүүлөрдөн» түшкөн кирешелердин 80 пайызын -100 ( Жүз) сомду республикалык бюджетке кайтарууга жана эмгек жамаатынын суранычын канаатандырып жамааттык келишимдин негизинде тамак аш үчүн компенсация, кышка даярдык, даталуу күндөргө сыйлык катары жумшалсын жана 14,9 сом атайын каражат ата- энелер взносу кошумча сметанын негизинде жумшалсын.
8. Сарай айыл өкмөтүнүн кезектеги 2017-жыл үчүн жана кийинки 2018-2019 жылдарга карата түзүлгөн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн божомолу сунушталсын.
9. Сарай айыл өкмөтүнүн кассада акча жүгүртүүсү 10 000 сом өлчөмүндө белгиленсин.
10. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Салимов. |