Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Сарай айылдык кеңешинин (V шайланган) кезектүү XХVII сессиясы
2016-жылдын 27-февралы № 2
“Сарай айыл өкмөтүндө 2015-жылда жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө.”
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы Ош шаары, Ош, Жалал- Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн 2015-жылдагы иш планы менен 2014 жылдын 1 январынан 31 декабрь мезгил аралыгындагы Сарай айыл өкмөтүнүн бюджетин жана атайын каражаттарын туура, максаттуу пайдалануусуна жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгын талкуулап Сарай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
Аудиттин жыйынтыгы менен түзүлгөн актынын негизинде төмөндөгү кетирилген кемчиликтер белгиленген:
1. 45128 сом подотчет алган адамдардан сапар чыгымдарынан туура эмес максатта төлөнгөн деген кемчилик белгиленип кайра төлөө милдеттендирилген, ушул сумма кайтарылып өндүрүлсүн.
2. Балдар бакчасында иштеген тарбиячылар, ашпозчулардан жеген тамактарына 43200 сом өндүрүлсүн деген кемчилик болгон бул сумма өндүрүлсүн.
3. Кошумча жалданып иштеген адамдардан , материалдык жардамдар берилгенде кармалбай калган кошумча чегерүүлөр подоход салыгына 32900 сом, соц.фондко 89600 сом кармалып которулуп берилсин.
4. Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин тактоодо кетирилген кемчиликтер боюнча иш чара уюштурулуп, аппаратта да жумушчу комиссия түзүлүп жердин аянты, келишимдер такталсын.
5. Жүргүзүлгөн аудит жыйынтыгы боюнча аппарат кызматкерлери кетирилген кемчиликтерди жоюп, так эсеп жүргүзүп, кесиптик денгээлдерин жогорулатып мыйзам, жаны кабыл алынган жоболорду колдонуп изденүү жолу менен жаңыча иш алып баруу жөнүндө жаңыча милдеттенмелер милдеттентендирилсин .
6. Жогорудагы токтомдун аткарылышына көзөмөлдү өзүмө калтырамын.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Салимов. |