Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Сарай айылдык кеңешинин (V шайланган) кезектүү XХVII сессиясы
2016-жылдын 27-февралы № 3
Сарай айыл өкмөтүнүн Киров айылынын жаңы чек көчөсүнө ат коюу жөнүндө
Сарай айыл өкмөтүнүн Киров айылындагы жаңы чектин күн батыш тарабындагы акыркы көчөгө Мамаев Саипжандын атын ыйгаруу жөнүндөгү аялы У.Жороеванын билдирүүсүн угуп, талкуулап, Сарай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Киров айылындагы жаңы чектин күн батыш тарабындагы акыркы көчөгө Мамаев Саипжандын аты ыйгарылсын.
2. Жогорудагы Мамаев Саипжандын аты ыйгарылган көчөнү жарыктандырууга, таза суу менен камсыз кылууга, ошол көчөдөгү жакыр жашаган жарандарга материалдык жардам берүүгө жана көчөгө аты жазылып тактайчаларды илүү жагы У.Жороевага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Киров айлынын тургуну У.Жороевага жүктөлсүн.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Салимов. |