Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Сарай айылдык кеңешинин (V шайланган) кезектүү XХVII сессиясы
2016-жылдын 27-февралы № 4
Сарай айыл аймагындагы элдердин жер үлүшүндөгү жана кайрак жерге эгилген эгиндерге түшүп кеткен мал жандыктардын ээлерине айып салуу жөнүндө
Сарай айылдык аймагында элдердин жер үлүшүндөгү жана кайрак жерге эгилген эгиндерге түшүп кеткен мал жандыктардын ээлерине айып салуу боюнча жайыт комитетинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, депутаттардын Сарай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сарай айылдык аймагында элдердин жер үлүшүндөгү жана кайрак жерге эгилген эгиндерге түшүп кеткен мал жандыктардын ээлерине айып салуу төмөндөгүдөй бекитилсин:
1. Жылкы – 3000 (үч миң)сом.
2. Ири мүйүздүү малга - 2000(эки миң) сом.
3. Кой-эчки – 500 (беш жүз )сом болуп төлөө айып акысы бекитилсин.
2. Айып акысын өндүрүүдө мыйзам бузуларга жол бербөө жагы Сарай айылдык аймактык тескөөчү К.Матназаровго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айылдык кеңешинин айыл чарбасы, айлана чөйрөнүү коргоо жана жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Салимов. |