Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Сарай айылдык кеңешинин (V шайланган) кезектүү XХVII сессиясы
2016-жылдын 27-февралы № 5
“Кара-Суу Эл базарынын айланасындагы авто унаа жолдорунун жээктериндеги жайларды Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Сарай Тазалык атайын адистештирилген ишканасына авто токтоочу жай катары пайдалануу жөнүндө”
Сарай айыл өкмөтүнүн Кара-Суу Эл базарынын айланасындагы авто унаа жолдорунун жээктериндеги жайларды Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Сарай Тазалык атайын адистештирилген ишканасына авто токтоочу жай катары пайдалануу жана анын тарифин бекитип, түшкөн пайданы бюджетке чегерүү боюнча маселени талкуулап чыгып Сарай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сарай айыл өкмөтүнүн Кара-Суу Эл базарынын айланасындагы авто унаа жолдорунун жээктериндеги жайларды Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Сарай Тазалык атайын адистештирилген ишканасына авто токтоочу жай катары пайдаланууга берилсин жана автопарковкадан түшкөн акча каражаты Сарай айыл өкмөтүнүн бюдетине төгүлсүн.
2. Кара-Суу Эл базарынын айланасындагы авто унаа жолунун жээгиндеги автопарковкага бир автомашинага бир келип токтоп кеткенине 20 сом тарифи бекитилсин.
3. Кара-Суу Эл базарынын айланасындагы авто унаа жолунун жээгиндеги автопарковкадан түшкөн акчаны Кара-Суу Эл базарынын айланасын ондоо түзөө, жашылдандыруу жана курулуш иштери үчүн Сарай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине чегерилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айылдык Кенешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Салимов. |