Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Сарай айылдык кеңешинин (V шайланган) кезектүү XХVII сессиясы
2016-жылдын 27-февралы № 6
Сарай айыл өкмөтүнүн аймагында ветеринар адистеринин көрсөтүп жаткан кызматтары үчүн акы төлөмүн бекитип берүү жөнүндө
Сарай айыл өкмөтүнүн аймагындагы ветеринар адистеринин көрсөтүп жаткан кызматынын тарифин бекитүү боюнча маселени талкуулап чыгып Сарай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сарай айыл өкмөтүнүн аймагындагы ветеринар адистеринин көрсөтүп жаткан кызматынын тарифин төмөндөгү көрсөтүлгөн сумма боюнча бекитилсин.
- жылкы жана малга - 40 сом
- кой жана эчкиге - 20 сом
- ит жана мышыкка - 50 сом
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айыл өкмөтүнүн ветеринар кызматкери П.Абдырахмановго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Салимов. |