Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Сарай айылдык кеңешинин (V шайланган) кезектүү XХVII сессиясы
2016-жылдын 27-февралы № 8
Сарай айыл өкмөтүнүн Тельман айылынын башкы көчөсүнө ат коюу жөнүндө
Сарай айыл өкмөтүнүн Тельман айылындагы башкы көчөгө Кочкоров Араптын атын ыйгаруу үчүн уулу С.Кочкоровдун билдирүүсүн угуп, талкуулап, Сарай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Тельман айылынын башкы көчөсүнө Кочкоров Араптын аты ыйгарылсын.
2. Жогорудагы Кочкоров Араптын аты ыйгарылган көчөнү жарыктандырууга, таза суу менен камсыз кылууга, ошол көчөдөгү жакыр жашаган жарандарга материалдык жардам берүүгө жана көчөгө аты жазылып тактайчаларды илүү жагы С.Кочкоровго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Тельман айлынын тургуну С.Кочкоровго жүктөлсүн.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Салимов. |