Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Сарай айылдык кеңешинин (V шайланган) кезектүү XХVII сессиясы
2016-жылдын 27-февралы № 9
Сарай айыл өкмөтүнүн кайракы жерлерине жылдык ижарага акысын бекитип берүү жөнүндө
Сарай айыл өкмөтүнүн аймагындагы кайра бөлүштүү фондунун кайракы жерлерин ижарага берүү үчүн жылдык ижара акысын бекитип берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп, талкуулап, Сарай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сарай айыл өкмөтүнүн аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун кайракы жерлерине жылдык акысы 650 сомдон эсептелинсин. (социалдык фонд төлүмү менен жер салыгы ичинде).
2. Тийиштүү чараларды көрүү жагы Сарай айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнө тапшырылсын
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Салимов. |