Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Сарай айылдык кеңешинин (V шайланган) кезектүү XХVII сессиясы
2016-жылдын 27-февралы № 10
Сарай айыл өкмөтүнүн Тельман айылынын жаңы чегине трансформатор орнотууга материалдык жардам берүү жөнүндө
Сарай айыл өкмөтүнүн аймагындагы Тельман айылынын тургундары өздөрүнүн салымы менен акча каражатын жыйнап сатып алган трансформаторун орнотуу үчүн 50 миң сом сурап сураган кайрылуусун угуп, талкуулап, Сарай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сарай айыл өкмөтүнүн Тельман айылынын жаңы чегине трансформатор орнотуу үчүн 50 миң сом акча каражаты 2016-жылдын бюджетинен бөлүнүп берилсин.
2. Тийиштүү акча каражатын бөлүп берүү жагы Сарай айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айылдык Кенешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Салимов |