Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Сарай айылдык кеңешинин (V шайланган) кезектүү XХVII сессиясы
2016-жылдын 27-февралы № 11
Кара-Суу базарын тартипке келтирүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын №654 “Дордой жана Кара-Суу соода базар комплекстерин өнүктүрүү Программасын бекитүү жөнүндөгү” токтомунда көрсөтүлгөн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуу маселеси боюнча координациялык кеңешмесинин “Кара-Суу районунун борбордук базарынын абалын иликтөө жана ишкерлердин кызыкчылыгын коргоо жөнүндөгү” 2012-жылдын 11-декабрындагы №2-чечими менен бекитилген иш чараларды аткаруу максатында Сарай айыл өкмөтүнүн сунушун угуп жана талкуулап, Сарай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Башкы план боюнча кызыл сызыкка чыгып тышкы жана ички жолдорду жана соода дүкөндөрдүн алдын тосуп калган ар кандай мыйзамсыз соода түйүндөр алдырылсын.
2. Кара-Суу -Отуз-Адыр жана Кара-Суу-Мырзаке авто жолдоруна кайрадан башталган тартипсиздикти жоюп жолду максаттуу пайдалануу камсыздалсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Салимов |