Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Сарай айылдык кеңешинин (V шайланган) кезектүү XХVII сессиясы
2016-жылдын 27-февралы № 12
Айыл өкмөтүнүн аймагында кичи ишкан ачууга көмөк көрсөтүү жөнүндө
Сарай айыл өкмөтүнүн Эрикн айылынын тургуну К.Беккуловдун кайрылуу катын угуп, талкуулап Сарай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. К.Беккулов тарабынан айыл чарба техникаларын жана жергиликтүү тургундарга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 2016-жылдын бюджетинен 50 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Тийиштүү акча каражатын бөлүп берүү жагы Сарай айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Салимов |