Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Сарай айылдык кеңешинин (V шайланган) кезектүү XХVII сессиясы
2016-жылдын 27-февралы № 13
Сарай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 47млн(кырк жети миллион) сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Сарай айылдык кеңешинин бюджер жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Турдубаевдин 2016-жылдын долбоору менен тааныштырган докладын угуп, сунушун талкуулап Сарай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сарай айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын жергиликтүү бюджетинен төмөнкү
жумуштарды аткарууга 47млн(кырк жети миллион) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
- Киров айылынын 720 орундуу мектепти курууга32млн сом,
- Киров айылынын көчөлөрүн асфальттоого 7млн сом,
- Киров айылынын жаңы чектерине подстанция алууга 1млн сом,
- С.Бекмуратова атындагы маданият үйүн ремонттоого 2млн сом,
- Киров айылынын Ак-Өргө жаңы конушуна таза суу түтүктөрүн орнотууга 5млн сом.
2. Тийиштүү акча каражатын бөлүп берүү жагы Сарай айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Салимов |