Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Сарай айылдык кеңешинин (V шайланган) кезектүү XXX сессиясы
2016-жылдын 8-сентябры № 1
Сарай айылдык аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине мүчөлөрдү сунуштоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Мыйзамынын 19-беренесине ылайык Сарай айылдык аймагындагы коомчулуктан келип түшкөн протоколдордун негизинде Сарай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сарай айылдык аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине коомчулуктан көрсөтүлгөн мүчөлөрдү бекитип берүү жагы Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын.
2. Бул токтомдун бир нускасы Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Салимов. |