Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Сарай айылдык кеңешинин (V шайланган) кезектүү XXX сессиясы
2016-жылдын 8-сентябры № 4
Сарай айыл өкмөтүнүн айылдарындагы ичүүчү таза суу түтүктөрү, суу кампаларына сууну үнөмдөө үчүн бочка коюу жөнүндө
Сарай айыл аймагындагы калкты таза суу менен камсыз кылууда жаралган көйгөйлөрдү чечүү жөнүндөгү Сарай Таза-Суу ишканасынын жетекчиси А.Чодоновдун билдирүүсүн угуп, талкуулап чыгып Сарай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сарай айыл аймагында калкты таза суу менен камсыз кылуу үчүн көчөгө коюлган суу түтүктөрүнөн түтүк улап короосуна алып кирүүгө тыюу салынсын.
2. Сарай айыл аймагында калкты таза суу менен камсыз кылуу үчүн суу кампаларына сууну үнөмдөө үчүн суу сактоочу бочкалар орнотулсун.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай Таза-Суу ишканасынын жетекчиси А.Чодоновдун өзүнө жүктөлсүн.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Салимов. |