Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Сарай айылдык кеңешинин (V шайланган) кезектүү XXX сессиясы
2016-жылдын 8-сентябры № 5
Сарай айыл аймагында элге ветеринардык кызмат көрсөтүүдө ветеринардык адистерге элдердин кызмат акы төлөө баасын бекитүү жөнүндө
Сарай айыл аймагынын ветеринардык инспектору П.Абдырахмановдун сунушун карап чыгып Сарай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сарай айыл өкмөтүнүн аймагындагы элге ветеринардык кызмат көрсөтүүдө ветеринардык адистерге элдердин кызмат акы төлөө баасы тиркемеге ылайык жүргүзүлсүн
2. Мыйзам чегинде ветеринардык адистердин ишти алып баруусун көзөмөлдөө Сарай айыл аймагынын вет.адиси П.Абдырахмановго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айылдык Кенешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Салимов. |