Загрузка документа…
ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ой-Тал айылдык кеңешинин кезектеги 21- сессиясынын (6 шайланган) жыйналышынын
2020-жылдын 25-декабры № 21/1
Ой-Тал айыл өкмөтүнүн 2020- жылдагы бюджетинин аткарылышы жана айыл өкмөтүнүн 2021,2022,2023-жылдарга карата бюджети жөнүндө
Депутаттардын Ой-Тал айылдык кеңешинин кезектеги 21-сессиясынын (6- шайланган) жыйналышы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылда Ой-Тал айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелер бөлүгү 9445,0 мин сом болсо,чыгашалар бөлүгү 9445,0 мин сом бөлүп толугу менен аткарылгандыгы белгиленсин.
2. 2021-жылга Ой-Тал айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелер бөлүгү 7729,0 мин сом болсо, чыгышалар 7729,0 мин сом өлчөмдө бекитилсин.
3. 2021-жылга Ой-Тал айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелеринин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар №1-тиркемеге ылайык аныкталсын. №1- тиркемеге ылайык айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгү 2021 -жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде каржылануусу белгиленсин.
4. 2022-жылга Ой-Тал айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелер бөлүгү 7785,6 мин сом болсо,чыгышалар 7785,6 мин сом, 2023-жылга Ой-Тал айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелер бөлүгү 7932,8 мин сом болсо,чыгашалар 7932,8 мин сом өлчөмдө бекитилсин.
5. Айыл арасындагы таштандыларды сыртка ташып чыгаруу боюнча кожолуктан алынуучу жыйым 50 сом өлчөмүндө белгиленсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ой-Тал айылдык кеңешинин социалдык маданий,билим берүү,спорт,миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик,маалымдуулук, жаштардын иштери,социалдык –экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо,экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Депутаттардын Ой-Тал айылдык кенешинин төрагасы :- |
Ж.Абдикеримов |