Загрузка документа…
ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ой-Тал айылдык кеңешинин кезектеги 21- сессиясынын (6 шайланган) жыйналышынын
2020-жылдын 25-декабры № 21/2
Депутаттардын Ой-Тал айылдык кеңешинин жана анын туруктуу комиссияларынын 2021-жылга түзүлгөн иш пландарын бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Ой-Тал айылдык кеңешинин жана анын туруктуу комиссияларынын 2021-жылга түзүлгөн иш пландарын карап жана талкуулап,айылдык кеңештин кезектеги 21-сессиясынын (6-шайланган) жыйналышы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Ой-Тал айылдык кеңешинин жана анын туруктуу комиссияларынын 2021-жылга түзүлгөн иш пландары бекитилсин (Иш план тиркелет).
2. Депутаттардын Ой-Тал айылдык кеңешинин 2021-жылга түзүлгөн иш пландарында белгиленген иш чараларынын өз убагында айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын жыйналыштарында каралышын жана кабыл алынган токтомдордун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары К.Жунусовго милдеттендирилсин.
Депутаттардын Ой-Тал айылдык кенешинин төрагасы :- |
Ж.Абдикеримов |
| Депутаттардын Ой-Тал айылдык кеңешинин кезектеги 21–сессиясынын (6- шайланган ) жыйналышынын 25.12.2020-жылдагы № 21/2-токтомуна тиркеме |
Ой-Тал айылдык кеңешинин 2021-жылга карата түзүлгөн
ИШ – ПЛАНЫ
к/№ | Жыйналыштарда каралуучу маселелер | Аткаруу мөөнотү | Кимдер тарабынан аткарылат |
1.
2.
|
Жыйырма экинчи жыйналыш
Айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021--жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн аймагында ветеринардык иштердин абалы
|
февраль айы
|
Ж.Капаров ЖПБнын төрагасы
Ветеринардык инспектор М.Ысаков |
1.
2.
|
Жыйырма үчүнчү жыйналыш
Айыл өкмөтүндө салык топтоонун жарым жыл ичинде аткарылышынын абалы жөнүндө.
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы Куланчы Орунбеков атындагы жана Нурмамат уулу Сабыркул атындагы Көңдук орто мектептерининин 2020-2021-окуу жылындагы окуу тарбия иштеринин абалы жөнүндө
|
Июль айы |
Э.Койчуев, а/өкмөтүнүн салыкчысы
Мектеп директорлору
|
1.
2.
|
Жыйырма төртүнчү ЖЫЙНАЛЫШ
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы мекеме уюмдардын кышка даярдык абалы
Депутаттардын Ой-Тал айылдык кеңешинин агрардык азык-түлүк,айыл жана суу чарба,жерге жайгаштыруу, жер жана жер рессурстары,экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиянын отчету |
сентябрь |
Айыл башчылар
Туруктуу комиссия
|
1.
2.
|
Жыйырма бешинчи жыйналыш
Ой-Тал айылдык кеңешинин 2021-жылдардагы бюджетинин аткарылышы жана айыл өкмөтүнүн 2022,2023,2024-жылдарга карата бюджети жөнүндө
Ой-Тал айылдык кеңешинин жана анын туруктуу комиссияларынын 2022-жылга карата перспективдуу иш-пландары жөнүндө. |
декабр айы
|
М.Акматов, ФЭБдин башчысы
Ш.Жунусов, а/өкмөтүнүн жооптуу катчысы
|
Ой-Тал айылдык кеңешинин катчысы:- |
Ш.Жунусов |