Редакцияот 11.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) бешинчи сессиясы

2021-жылдын 11-сентябры № 5-2

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн алдындагы аксакалдар сотунун аткарып жаткан иштери боюнча маалыматтарды угуу жөнүндө

Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн алдындагы аксакалдар сотунун аткарып жаткан иштери боюнча маалыматтарды угуу жөнүндөгү маселени айылдык кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын отурумунда карап жана депутаттардын талкуусун угуп Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктына таянып Кыргыз-Ата айылдык кеңеши

 

токтом кылат:

 

1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн алдындагы аксакалдар сотунун аткарып жаткан иштери боюнча берген маалыматы жактырылсын (тиркеме тиркелет).

 

2. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн алдындагы аксакалдар сотунун курамын тогуз кишиге толуктоо боюнча айыл өкмөткө сунушталсын.

 

3. Аксакалдар сотунун курамына айыл өкмөтүнүн айыл башчылары жана мечит имамдары тиешелүү маселелерде көмөктөшүүнү колго алышсын.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин мыйзамдуулук,укук, тартип, этика, дин иштери, үй бүлөнү коргоо, үрп-адат жана каада-салттар боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Женишбай уулу Э.

 

 

Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) кезектеги бешинчи сессиясынын 2021-жылдын 11-сентябрындагы № 5-2 токтомуна тиркеме

 

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн алдындагы аксакалдар сотунун 2021-жылдын 8 айында аткарылган иштер тууралуу маалымат.

 

Урматтуу төрага жана депутаттар. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн алдындагы аксакалдар сотунун курамындагы мүчөлөрү төмөнкүлөр:

1. Мамасыдык Маматов- төрага

2. Жотоев Балта

3. Эргешов Ысман

4. Толубаев Сатыбалды

5. Кочкоров Аширбай

6. Эргешова Идаят

7. Аттокурова Шазаада

2021-жылдагы алты айлыгында баары болуп 15 оозеки жана кат жүзүндө маселе каралды. Анын ичинде тогуз иш кагаз жүзүндө каралып, жакшы жакка чечилди. Калган кайрылууларды эки тарап менен биргеликте, тараптарды макулдатып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кагаз толтурулбай бүткөрүлдү. Төмөндөгү кайрылууларды эки тараптын макулдашуусу, элдешүүсү менен бүткөрдүк:

1. Көтөрмө айылынан эки кайрылуу, Кыргыз-Ата айылынан бир кайрылуу терек кесүү боюнча иш каралып, оң жагына чечилди.

2. Үй талашуу боюнча эки кайрылуучунун арызы Ак-Булак жана Кыргыз-Ата айылдарынан келди жана эки тарапты элдештирүү менен үйүн бере турган кылып сүйлөштүк.

3. Ак-Булак айылынан үй бүлөлүк эки кайрылуучунун арызын эки тарапты элдештирүү менен бүтүрдүк.

4. Борко айылынан жол боюнча кайрылуу оң жагына чечилди.

5. Ак-Булак айылынан бир кайрылуу сотко байланыштуу болгондуктан ошол жакка жөнөттүк.

 

Катчы

К. Заирова