Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (алтынчы шайланган) жыйырма төртүнчү сессиясы
2021-жылдын 6-февралы № 24-8
Ак-Булак айылындагы “Шамай” көчөсүнө “Айкөл” заставасынын аскер кызматкери, капитан Исмаилов Тынчтыкбектин атын коюу жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл аймагынын Ак-Булак айылындагы “Шамай” көчөсүнө “Айкөл” заставасынын аскер кызматкери, капитан Исмаилов Тынчтыкбектин атын коюу боюнча өткөрүлгөн 2020-жылдын 21-январындагы жалпы жыйындын протоколун айылдык кенешинин депутаттарынын туруктуу комиссиясынын заседаниесинде карап, айтылган пикирлерди жана айылдык кеңешинин депутаттарынын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-статьясынын 2 пунктуна ылайык Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Кыргыз-Ата айыл аймагынын Ак-Булак айылындагы “Шамай” көчөсүнө “Айкөл” заставасынын аскер кызматкери, капитан Исмаилов Тынчтыкбектин атын коюу боюнча өткөрүлгөн 2020-жылдын 21-январындагы жалпы жыйындын протоколу бекитилсин.
2. Кыргыз-Ата айыл аймагынын Ак-Булак айылындагы “Шамай” көчөсүнө “Айкөл” заставасынын аскер кызматкери, капитан Исмаилов Тынчтыкбектин аты коюлсун.
3. Кыргыз-Ата айыл аймагынын Ак-Булак айылындагы “Шамай” көчөсүнө “Айкөл” заставасынын аскер кызматкери, капитан Исмаилов Тынчтыкбектин аты коюу боюнча иш кагаздарын бүткөрүү айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзмөлдөө айылдык кенешинин айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү , инвестиция, курулуш, жол, транспорт, жана комуникация, таза суу жана электр энергиясы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Назарбаев |