Редакцияот 11.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) биринчи сессиясы

2021-жылдын 11-майы № 1-4

Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин төрагасын жана орун басарын шайлоо жөнүндөгү эсептөө комиссиясынын № 2, №3 токтомдорун бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 37-статьясына негизденип депутаттардын Кыргыз-Ата айылдык кеңеши

 

токтом кылат :

 

1. Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин эсептөө комиссиясынын № 2, №3 токтомдору бекитилсин(тиркелет).

2. Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин төрагасы болуп Жеёишбай уулу Элмурат шайлансын.

3. Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп Муктар уулу Ысак шайлансын.

 

Кыргыз-Ата

айылдык кеңешинин

сессиясын алып баруучу

 

 

А. Бабакулова

 

 

Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин 2021- жылдын   11- майындагы № 1-4 токтомуна № 1 тиркеме

 

Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) биринчи сессиясынын эсептөө комиссиясы

 

ТОКТОМ

 

Көтөрмө айылы

№ 2

11-май 2021-жыл

 

Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча бюллетендердин жыйынтыгын чыгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 37-статьясынын 5-6- пунктына негиз депутаттардын Кыргыз-Ата айылдык кенешинин эсептөө комиссиясы

 

токтом кылат :

 

1. Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин эсептөө комиссиясынын жыйынтыгы менен айылдык кеңештин төрагалыгына талапкер болуп катталган:

 

1. Дү йшоев Бектур Борубековичке- 12

2. Жеёишбай уулу Элмуратка- 16

3. Баарына каршы- 3 добуш берилди деп эсептелинсин.

 

Кыргыз-Ата айылдык

кеңешинин жооптуу катчысы

 

Ж. Нурматов

 

 

Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин 2021- жылдын 11- май № 1-4 токтомуна № 2 тиркеме

 

Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) биринчи сессиясынын эсептөө комиссиясы

 

ТОКТОМ

 

Көтөрмө айылы

№ 3

11-май 2021-жыл

 

Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 37-статьясынын 5-6- пунктына негиз депутаттардын Кыргыз-Ата айылдык кенешинин эсептөө комиссиясы

 

токтом кылат :

 

Кыргыз-Ата айылдык кенешинин эсептөө комиссиясынын жыйынтыгы менен айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына талапкер болуп катталган:

 

1. Мусабаев Афтандил Макамбаевичке  - 13

2. Муктар уулу Ысакка                                   -18

3. Баарына каршы- 0 добуш берилди деп эсептелинсин.

 

Кыргыз-Ата айылдык

кеңешинин жооптуу катчысы

 

Ж. Нурматов