Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) экинчи сессиясы
2021-жылдын 22-майы № 2-2
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин 2021-жылга иш-планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин 2021-жылга карата иш планын түзүү боюнча маселени айылдык кеңешинин депутаттарынын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүүөз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
токтом кылат
1. Кыргыз-Ата айыл кеңешинин 2021-жылга карата түзүлгөн иш-планы өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитилсин (тиркелет).
2. Иш пландын өз убагында жана толук аткарылышын көзөмөлгө алып туруу Кыргыз-Ата айылдык кенешинин катчысы Ж. Нурматовго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук, тартип, этика, дин иштери, үй бүлөнү коргоо, үрп-адат жана каада салттар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин төрагасы |
Жеңишбай уулу Э. |
| Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) кезектеги экинчи сессиясынын 2021-жылдын 22-майындагы № 2-2 токтомуна тиркеме |
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин 2021-жылга иш планы
№ | Аткарылуучу иштердин мазмууну | Аткаруу мөөнөтү | Ким аткарат | Эскертүү |
1 | Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин төрагасын жана орун басарын шайлоо | май 2021-жыл | Ноокат АШК, Кыргыз-Ата айылдык кенешинин жооптуу катчысы Ж.Нурматов |
|
2 | Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин 2021-жылга иш планын бекитүү | май 2021-жыл | Кыргыз-Ата айылдык кенешинин жооптуу катчысы Ж.Нурматов |
|
3 | Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларын бекитүү | май 2021-жыл | Айылдык кеңештин депутаттары, Кыргыз-Ата айылдык кенешинин жооптуу катчысы Ж.Нурматов |
|
4 | Кыргыз-Ата айыл аймагындагы “Кызыр-Ата” СПА сынын аткарып жаткан иштери боюнча отчету жөнүндө | июнь 2021-жыл | “Кызыр-Ата” СПА сынын директору, айылдык кеңештин туруктуу комиссиясы |
|
5 | Кыргыз-Ата айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин аткарып жаткан иштери боюнча отчету жана бюджетин бекитүү жөнүндө | июнь 2021-жыл | Кыргыз-Ата айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмеси, туруктуу комиссия |
|
6 | Айыл аймагындагы айылдардагы көрктөндүрүү иштеринин жүргүзүлүшү, айылдын көчөлөрүн, арыктарын тазалоонун абалы жана ишебиликтерди өткөрүү жөнүндө | июнь 2021-жыль | Айыл аймагынын айыл башчылары, айылдык кеңештин депутаттары, мектеп директорлору, №10, 23, 26, /БДТ, коомдук уюмдар |
|
7 | Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн штаттык бирдиги, бош орундарга конкурстардын өткөрүлүшү боюнча маалыматы жөнүндө | июнь 2021-жыль | Айыл өкмөтүнүн башчысы, ФЭБ башчысы Р. Коконбаев, Кыргыз-Ата айылдык кенешинин жооптуу катчысы Ж.Нурматов |
|
8 | Кыргыз-Ата айыл кеңешинин аксакалдар сотунун, аялдар кеңешинин, социалдык бөлүмүнүн аткарып жаткан иштери боюнча маалыматтарды угуу. Мамлекеттик жөлөк пул, пенсия, пособия жана соц. жардамдардын берилиши тууралуу | июль 2021-жыл | Аксакалдар сотунун төрагасы С. Маматов, аялдар кеңешинин төрайымы Т. Садирова, соцкызматкер Ш. Аттокурова |
|
9 | Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы жана тендердик комиссиясынын кварталдык отчетун угуу жөнүндө | июль 2021-жыл | Айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Р. Коконбаев, тендердик комиссиялардын төрагалары |
|
10 | Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын иш-планынын алты айлык аткарылышы боюнча отчетун угуу жөнүндө | июль 2021-жыл | Айыл өкмөтүнүн башчысы, ФЭБ башчысы Р. Коконбаев, орун басары М. Асанов |
|
11 | Кыргыз-Ата айыл кеңешинин аймагындагы РИИБнин участкалык инспекторунун (ИДН) I жарым жылдыктагы кылмыштуулуктун абалы боюнча маалыматын угуу | июль 2021-жыл | Аймактык тескөөчүлөр |
|
12 | Кыргыз-Ата айыл аймагындагы мектептердин 2021-2022-окуу жылына карата даярдыгы, ремонту жана кышка даярдыгынын абалы жөнүндө маалымат | август 2021-жыл | Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М. Асанов, мектеп директорлору, соцкызматкер Ш. Аттокурова, айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясы |
|
13 | Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн маданият бөлүмүнүн кызматкерлеринин аткарып жаткан иштеринин отчетун угуу жөнүндө | август 2021-жыл | Айыл өкмөтүнүн маданият кызматкерлери, Өмүрзакова Айнур |
|
14 | Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн соцкызматкерлеринин иш-пландарынын аткарылышы боюнча отчетун угуу жөнүндө | август 2021-жыл | Айыл өкмөтүнүн соцкызматкер Ш. Аттокурова |
|
15 | Айыл аймагындагы элдин малдарынын эпизоотиялы абалы тууралуу вет адистин маалыматын угуу | сентябрь 2021-жыл | Вет.адис Ы. Абидинов, айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясы |
|
16 | Аскердик кызматка чакыруу, паспорт, миграция жана жумушсуздуктун абалы жөнүндө маалыматтарды угуу | сентябрь 2021-жыл | ВУС башчысы Б.Азимкулов, миграция жана жумушсуздук боюнча адис |
|
17 | Кыргыз-Ата айылдык аймагындагы суу пайдалануучулар асоссациясынын аткарган иштери боюнча маалыматты угуу, суу агуучу канал, арыктардын абалы, түзүлгөн иш пландары жөнүндө | октябрь 2021-жыл | СПАнын директору Б. Каримов айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясы |
|
18 | Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндө жаштар иштери, спорт жана туризм боюнча аткарылган иштеринин отчетун угуу жөнүндө | октябрь 2021-жыл | Жаштар, маданият, спорт жана туризм боюнча жетектөөчү адиси Ташбалта уулу Алтынбек |
|
19 | Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн салык кызматкерлеринин отчетун угуу жөнүндө | ноябрь 2021-жыл | Салык кызматкерлери, Ага салыкчы Аманов К. |
|
20 | “Кыргыз-Ата Булагы” муниципалдык ишканасынын аткарып жаткан иштери боюнча отчетун угуу | ноябрь 2021-жыл | “Кыргыз-Ата Булагы” муниципалдык ишканасынын |
|
21 | Кыргыз-Ата айыл кеңешинин туруктуу комиссияларынын 2021-жыл ичинде аткарган иштери боюнча маалыматтарын угуу | декабрь 2021-жыл | Айыл кеңешинин туруктуу комиссияларынын башчылары |
|
22 | Айыл аймагындагы калкка медициналык жактан кызмат көрсөтүүдөгү абалы боюнча № 10,23, 26 /ДТнын клиникалык жетекчилеринин отчеттору | декабрь 2021-жыл | №10, 23, 26 /ДТ нын жетекчилери, социалдык башкы адис Ш. Аттокурова, айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясы |
|
23 | Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы бюджеттин аткарылышы 2022-жылга бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолдуу бюджетин бекитүү жөнүндө | декабрь 2021-жыл | Айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Р. Коконбаев айыл кеңешинин туруктуу комиссиясы |
|
Айылдык кеңешинин практикалык иш-чаралары
1 | Депутаттардын, айылдык Кеңештин туруктуу комиссияларынын иштерине практикалык жардам көрсөтүү | дайыма | Айыл кеңештин туруктуу комиссиясы, Кыргыз-Ата айылдык кенешинин жооптуу катчысы Ж. Нурматов |
|
2 | Айыл кеңешинин алдында түзүлгөн коомдук уюмдардын иштерине усулдук практикалык жардам көрсөтүү | квартал сайын | Айыл кеңештин туруктуу комиссиясы, Кыргыз-Ата айылдык кенешинин жооптуу катчысы Ж. Нурматов |
|
3 | Туруктуу комиссиялардын заседанияларын өткөрүүгө көмөктөшүү | дайыма | Айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери |
|
4 | Депутаттардын отчетторун угуп туруу | Ар алты айда | Айыл кеңештин депутаттары. |
|
5 | Кыргыз Республикасынын Президентинин указдарынын, Кыргыз Өкмөтүнүн, областык жана райондук мамлекеттик администрациясынын токтомдорун, буйруктарынын аткарылышын көзөмөлдөөгө алуу | Ар алты айда | Айылдык кеңештин төрагасы Жеңишбай уулу Э. катчысы Ж. Нурматов |
|
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин катчысы |
Ж. Нурматов |