КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) төртүнчү сессиясы
2021-жылдын 17-июлу № 4-6
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин аткарылып жаткан иштердин отчёту жөнүндө
Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмеси тарабынан аткарылып жаткан иштердин отчёту жөнүндөгү маселени айылдык кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын отурумунда карап жана депутаттардын талкуусун угуп Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктына таянып Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмеси тарабынан 2021-жылдын 6 айында аткарган иштеринин отчёту жакшы деп табылсын (тиркелет)
2. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин финансалык каражаттарын максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы Кыргыз-Ата айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бухгалтери тарабынан көзөмөлгө алынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Агрардык маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Жеңишбай уулу Э. |
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин 2021-жылдын 17-июлундагы № 4-6 токтомуна тиркеме |
Кыргыз-Ата ЖПБ 2021-жылдын 6 айында аткарган иштеринин отчёту
№ | Киреше булагы | Жалпысы 1 жылга | I квартал | II квартал | Жалпысы |
1 | Мал жаюудан | 90,0 |
| 43750 | 43750 |
3 | Чөп чабынды бактардан, | 64,0 |
| 19370 | 19370 |
| камок жана боз үйдөн | 66,0 | 6000 | 11800 | 17800 |
4 | Уюлдук антеннадан | 174,0 | 38000 | 19000 | 57000 |
5 | Техника кызматынан | 126,0 |
| 20000 | 20000 |
| Жалпы киреше | 520,0 | 44000 | 113920 | 157920 |
1 | Эмгек акыга | 137,0 | - | 42797 | 42797 |
2 | Соц. казынага (17,25%) | 23,6 | - | 13458 | 13458 |
3 | Сатуудан түшкөн 3% | 15,6 | 1500 | 2343 | 3843 |
4 | Сапар чыгымы | 15,0 | - | - |
|
5 | Транспорт чыгымы | 20,0 | 4700 | - | 4700 |
6 | Ж.б. чыгымдар | 15,0 | - | 1000 | 1000 |
7 | Инфра түзүмдөр үчүн | 65,8 | - | - |
|
| Чыгаша бөлүгү | 292,0 | 6200 | 59598 | 65798 |
| Айыл өкмөткө | 156,0 |
| - |
|
| Жер салыгы | 72,0 | 25000 | 40000 | 65000 |
| Жалпы чыгаша | 520,0 | 31200 | 109598 | 130798 |
Кыргыз-Ата ЖПБ эсебинде 4436 га жакынкы жана алыскы жайыттарыбыз бар. Кыргыз-Ата айылөкмөтү боюнча 6149 ири мүйүздүү мал, 617 жылкы, 10200 кой-эчкилер бар.Андан тышкары аткарылган иштер:
1. КР Жайыт Комитетине кат жазып 1 боз үй алдык. Азыркы мезгилде жайлоо балдар бакчасы Кара-Койдо иштеп жатат.
2. Жаз-Токойдогу көпүрөктүн башын тостук, ошол эле участоктун 250м арыгы оңдолду.
3. Эчки-Атар участогунда 1 арык ремонт чыгарылды.
4. Айыл өкмөт менен жайыттын ички-тышкы чек аралары такталды, алар бизге жайыттын картасын өзүнчө чыгарып бере турган болду.
5. Биолабораториялык анализ жайыт жерлерден Таш-Булак, Кара-Таш, Жаз-Токой, Шивелиден алынды.
Катчы | К. Заирова |