КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) төртүнчү сессиясы
2021-жылдын 17-июлу № 4-8
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы элдин эгин талаасына түшкөн мал жандыктарды убактылуу кармоочу жайга киргизүү жөнүндө
Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айыл аймагындагы элдинэгин талаасына түшкөн мал жандыктарды убактылуу кармоочу жайга киргизүү жөнүндөгү маселениайылдык кенешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын отурумунда карап жана депутаттардын талкуусун угуп,элден келип түшкөн арыздарга жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүүөз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине таянып Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы айылдарда элдин эгин талаасына түшүп жаткан ээси жок мал жандыктарды камоо үчүн убактылуу мал кармоочу жайлар айылдарда уюштурулсун.
2. Эгин талааларына түшүп жаткан ээси жок мал жандыктарубактылуу мал кармоочу жайларга киргизилсин.
3. Камоодо турган мал жандыктарын багууга кеткен чыгымдар жана кароолдун мал караган акысын төлөө жагы малдын ээсине жүктөлсүн(тиркелет).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Жеңишбай уулу Э. |
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) кезектеги төртүнчү сессиясынын 2021-жылдын 17-июлундагы № 4-8 токтомуна тиркеме |
Камоодо турган мал жандыктарын багууга кеткен чыгымдар жана кароолдун мал караган акысын төлөө боюнча 1 күнгө эсептелген тариф
№ | Аталышы | Өлчөө бирдиги | Саны | Суммасы |
1 | Багуу үчүн чыгымдалган тоют | даана | 0,5 тюк чөп пресс | 150-00 |
2 | Кароолдун караган акысы | 1 башка | 1 күнгө | 50-00 |
| Бардыгы | х | х | 200-00 |
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин жооптуу катчысы |
К. Заирова |