Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (алтынчы шайланган) жыйырма биринчи сессиясы
2020-жылдын 31-октябры № 21-3
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү боюнча 2019-жылдын 21-декабрындагы № 17-2 сандуу токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Ата айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышын анализдеп, аталган меселени Кыргыз-Ата айылдык кенешинин «Бюджет, салык жана ишмердүүлүктү колдоо» боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан карап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Бюджет Кодексинин» 115-беренесине ылайык Кыргыз Ата айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Кыргыз Ата айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын жергиликтүү бюджетиндеги маданият жана спорт тармагына бөлүнгөн 600,0 миң сом акча каражаты коронавирус илдетине байланыштуу иштетилбей калгандыгы № 1 тиркемеге ылайык белгиленсин.
2. Кыргыз Ата айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын жергиликтүү бюджетиндеги маданият жана спорт тармагына бөлүнгөн 600,0 миң сом акча каражаты коронавирус илдетине байланыштуу иштетилбей калгандыктан төмөнкү беренелерге өзгөртүлүүсү бекитилсин.
- 708-25 бөлүмүнүн 2215 беренесинен 200,0 миң сом, Көтөрмө айылынын К. Каримбердиев көчөсүнүн тротуарына шагал төгүү үчүн 706 бөлүмдүн 3111 беренесине жылдырылсын;
- 708-62 бөлүмүнүн 2215-беренесинен 400,0 миң сом: 704 бөлүмүнүн 3112 беренесине- 200,0 миң сом таажы вирусу менен күрөшүү үчүн койка алууга, 709 бөлүмүнүн 2215 беренесине-100,0 миң сом сапаттуу интернет менен камсыз кылууга, 3111 беренесине -50,0 миң сом Курак Тектир орто мектебинин чатырын ондоого, 706 бөлүмдүн 3111 беренесине 50,0 миң сом столба алуу үчүн жылдырылсын.
3. Киреше бөлүгү боюнча киреше салыгына 743,0 миң сом кошулсун. Ыктыярдуу патенттен 20,0 миң сом, милдеттүү патенттен 123,0 миң сом, лицензияны кармоо үчүн акыдан 600,0 миң сом, атайын эсептик счеттон 1320,0 миң сом кемитилсин.
4. Жергиликтүү бюджеттин маданият жана спорт тармагына бөлүнгөн 600,0 миң сом акча каражаты коронавирус илдетине байланыштуу иштетилбей калган акча каражатын сметага ылайык өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү жана каржылоо жагы айыл өкмөттүн башчысы Б.Мариповго, ФЭБ башчысы Р.Коконбаевге милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин «Экономика, бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Назарбаев |
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин 2020-жылдын 31-октябрындагы № 21-3 токтомуна тиркеме № 1 |
Кыргыз Ата айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын жергиликтүү бюджетиндеги маданият жана спорт тармагына бөлүнгөн акча каражатынын коронавирус илдетине байланыштуу иштетилбей калгандыгы боюнча бөлүнүшү
Бөлүм | Берене | Сумма сом (+-) |
708-25 | 2215 | -200 |
708-62 | 2215 | -400 |
704 | 3112 | +200 |
706 | 3111 | +200 |
709 | 2215 | +100 |
709 | 3111 | +50 |
706 | 3111 | +50 |
Бардыгы |
| 0 |
Киреше бөлүгү | ||
Аталышы | Төлөө коду | (+-) |
Киреше салыгы | 11111100 | -743 |
Ыктярдуу патент | 11122100 | -20 |
Милдеттүү патент | 11122200 | -123 |
Лицензияны кармоо үчүн акы | 14151200 | -600 |
Атайын эсеп | 14232200 | -1320 |
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы |
Ж. Нурматов |