Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (алтынчы шайланган) жыйырма биринчи сессиясы
2020-жылдын 31-октябры № 21-4
“Кыргыз-Ата булагы” муниципалдык ишканасы тарабынан аткарылып жаткан иштердин отчету жөнүндө
Күн тартибиндеги “Кыргыз-Ата булагы” муниципалдык ишканасы тарабынан аткарылып жаткан иштердин отчету жөнүндөгү маселени айылдык кенешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын заседаниесинде карап жана депутаттардын талкуусун угуп Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзалдынчабашкаруу жөнүндө”мыйзамынын 50-беренесинин 2-пунктына жана 31-беренесинин 2-пунктына таянып Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. “Кыргыз-Ата булагы” муниципалдык ишканасы тарабынан 2020-жылдын 9 айында аткарган иштеринин отчету канааттандырарлык деп табылсын (тиркелет).
2. “Кыргыз-Ата булагы” муниципалдык ишканасынын бюджетин көтөрүү максатында тиешелүү иш-чараларды өткөрүү “Кыргыз-Ата булагы” муниципалдык ишканасына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү, инвестиция, курулуш, жол, транспорт, таза суу жана электр энергиясы боюнча туруктуу комиссиясынатапшырылсын.
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Назарбаев |
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин 2020-жылдын 31-октябрындагы № 21-4 токтомуна тиркеме № 1 |
Кыргыз-Ата булагы муниципалдык ишканасынын 2019-жылдын октябрь айынан 2020-жылдын 1-октябрь айына чейин аткарган иштеринин отчету жана 2021-жылга таза суунун тарифин өзгөртүү боюнча сунушу
Урматтуу төрага, урматтуу КыргызАта айыл өкмөтүн башчысы, депутатдар жана бүгүнкү сессиянын катышуучулары!
Киреше бөлүгү
«Кыргыз-Ата булагы» муниципалдык ишканасынын 2019-жылдын октябрь айынан 2020-жылдын 1-октябрь айына чейин киреше бөлүгү төмөндөгүдөй:
«Кыргыз-Ата булагы» муниципалдык ишканасынын 2019-жылдын октябрь айынан 2020-жылдын 1-октябрь айына чейин жалпысы болуп счетчик боюнча 122788 м3 суу өндүрүлгөн.
Анын ичинен таблицага негиз айылдар боюнча сатылган суу көлөмү төмөндөгүчө:
№ | Аталышы | Суукөлөмү, м3 | Баасы | Суммасы | Чогулганакчакаражаты | Айырмасы(карыз 01.10.2020жыл) |
1 | Борко | 12735 | 30 | 382050 | 301405 | 80645 |
2 | Көтөрмө | 18009 | 30 | 540270 | 483740 | 56530 |
3 | КыргызАта | 16302 | 30 | 489060 | 473858 | 15202 |
4 | Ак Булак | 23052 | 30 | 691560 | 590508 | 101052 |
5 | Социалдыкобьектилер (мектеп,балдарбакчасы,ФАП,ГСВ) | 5604 | 45 | 252180 | 266550 | 16180 |
| Жалпысы | 75702 | х | 2 355120 | 2 116 061 | 269609 |
Ал эми 2020-жылдын 1-октябрь күнүнөчейин 75 702 м3 суусатылып 2 116 061 сом акча каражаты чогултулуп 269 609 сом акча каражаты элдерден жыйналып жатат. 2020-жылдын 1-октябрына карата 83 кожолук суу эсептегич жок эле пайдаланып жатышат. Айыл өкмөт тарабынан жыл башында 500 000 сом акчакаражаты бөлүнүп 392-даана суу эсептегичери алып келинип айылдарда эсептегичи жок кожолуктарга орнотулуп жатат. Айыл өкмөт тарабынан соц.обьектилер үчүн 24 423 сом акча каражаты аванс катары ашыкча которулган.
Өндүрүлгөн суу менен сатылган суунун айрымасы 47 086 м3 сууну түзүп жатат. Ал суу чечмелеп кетсем:
1) Суу түтүктөрүн басымга сыноо учурунда жалпысы болуп 72 км суу түтүкчөсү бар ага-17400 м3 кеткен.
2) Аталган суу түтүктөрүн хлор менен жууганда-11600 м3 суу иштетилген.
3) Кыргыз-Ата айылындагы резервуарда 600 м3 суу турат.
4) Жалпы узундугу 72 км суу түтүгүндө 5652 м3 суу бар.
5) 1-жыл аралыгында трубалардын 70 жеринен жарылган, аталган тешиктерден 11834 м3 суу агып чыгып кеткен.
Чыгаша бөлүгү
«Кыргыз-Ата булагы» муниципалдык ишканасынын 2019-жылдын октябрь айынан 2020-жылдын 1-октябрь айына чейин чыгаша бөлүгү жалпысы болуп 2 106 561 сомду түзүп таблица боюнча бөлүп карасак төмөндөгүчө:
№ | Чыгашанын аталышы | Суммасы |
1 | Айлык акыга | 1 442 987 |
2 | Соцфондго 17,25% | 371 012 |
3 | Сатуудан төлөнүүчү салык 3% | 54671 |
4 | Түрдүү чыгымдар | 55570 |
5 | Электр энергиясыучун | 169121 |
6 | ГСМ | 13200 |
| Жалпысы | 2 106 561 |
| Банктагы калдык | 9500 |
Чыгаша бөлүгү боюнча кошумча айта кетсем 2020-жылдын 1-октябрына карата 260 000 сом ишкананын кызматкерлерине айлык акы үчүн карыз.
2021-жылга суунун тарифин өзгөртүү боюнча сунуш.
Өзүңүздөргө белгилүү болгондой суунун тарифин арзандатуу боюнча көптөгөн сунуштар келип жатат. Ошого байланыштуу 2020-жылдын 27-октябрь күнү Кыргыз-Ата айылынын 4-айылынан өкүлдөр менен чогулуп жыйынтыгында суунун баасын 1м3 үчүн 25 сомго түшүрүү сунушу келип түшкөн аталган сунуш төмөндөгү таблицага негиз иштелип чыкты:
Чыгашалардын аталышы | Суммасы (сом) |
Айлык акы жана соцфондко чегерилүүчү акча каражаты | 2 246 510 |
Электр энергиясы үчүн | 180000 |
Хлор (химреагенты) | 100000 |
Утурумдук ремонттор үчүн | 300000 |
Канцелярдык товарлар жана кенце буюмдарын ондоо үчүн | 100000 |
күйүүчү май үчүн (ГСМ) | 70000 |
Авто унаа ремонту үчүн | 30000 |
Сатуудан алынуучу салык 3% | 90000 |
Жалпы чыгаша | 3116510 |
2021-жылга болжолдуу өндүрүлүүчү суу | 137000м3 |
Рентабельность 5% | 155826 |
Суунун өздүк наркы | 22,75 |
Суу менен камсыздоо тарифи 10% 1м3 суу үчүн | 2,27 |
Суунун сатылуучу наркы 1м3 үчүн | 25 сом |
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы |
Ж. Нурматов |