Редакцияот 31.10.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (алтынчы шайланган) жыйырма биринчи сессиясы

2020-жылдын 31-октябры № 21-5

“Кыргыз-Ата булагы” муниципалдык ишканасы тарабынан эсептелинген ичүүчү суунун тарифин бекитүү жөнүндө

Күн тартибиндеги “Кыргыз-Ата булагы” муниципалдык ишканасы тарабынан эсептелинген ичүүчү суунун тарифин бекитүү жөнүндөгү маселени айылдык кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын заседаниесинде карап жана депутаттардын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынчабашкаруу жөнүндө”мыйзамынын 50-беренесинин 2-пунктына жана 31-беренесинин 2-пунктына таянып Кыргыз-Ата айылдык кеңеши

 

токтом кылат:

 

1. “Кыргыз-Ата булагы” муниципалдык ишканасы тарабынан эсептелинген ичүүчү суунун тарифи бекитилсин (тиркелет).

2. “Кыргыз-Ата булагы” муниципалдык ишканасы тарабынан эсептелинген ичүүчү суунун тарифинин негизинде иш алып баруу “Кыргыз-Ата булагы” ишканасына милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Кыргыз-Ата айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К. Назарбаев

 

Кыргыз Ата айылдык кеңешинин (алтынчы шайланган) жыйырма биринчи сессиясынын 2020-жылдын 31-октябрындагы № 21-5 токтомуна тиркеме

Суу менен камсыз кылуу кызматынын тарифи

 

 

 

 

 

 

 

Өлчөө бирдиги

 

Суу менен камсыз кылуу кызматынын тарифи

Суу пайдалануучулар

 ( 1 м3 сууга)

 

 

 

 

 

 

 

 

Калк

сом

 

_

 

Бюджеттик мекемелер

сом

 

45

 

Башка пайдалануучулар (комерциялык багытта)

сом

 

45

 

Тарифти эсептөө

 

 

22,75

10%

2,27

25

 

Кыргыз-Ата

айыл өкмөтүнүн

жооптуу катчысы

 

 

Ж. Нурматов