Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (алтынчы шайланган) жыйырма үчүнчү сессиясы
2020-жылдын 26-декабры № 23-2
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү маселени Кыргыз Ата айылдык кеңешинин «Экономика, бюджет, салык жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан карап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-статьясынын 2 пунктуна, Кыргыз Республикасынын «Бюджет Кодексинин» 102-беренесине ылайык депутаттардын Кыргыз Ата айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджети аткарылгандыгы белгиленсин (тиркелет).
2. Айыл аймагындагы мекеме-ишканалардын финансалык- экономикалык негиздерин чындоо, алардын финансалык-мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы тарабынан көзөмөлгө алынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин «Экономика, бюджет, салык жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Назарбаев |
КыргызАта айылдык кеңешинин (алтынчы шайланган) кезектеги жыйырма үчүнчү сессиясынын 2020-жылдын2 6-декабрындагы № 23-2 токтомуна тиркеме |
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2021- жылга бекитилиши жана 2019-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы, 2022-2023-жылдарга болжолу боюнча Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Р. Коконбаевдин Доклады
Урматтуу төрага, депутаттар жана бүгүнкү сессиянын катышуучулары! Кыргыз-Ата айылдык аймагында бүгүнкү күндө төмөндөгү социалдык обьектилер иштеп жатат.
- калктуу айылдардын саны - 7
- бардык кожолуктун саны - 3133
- мектептердин саны -9
анын ичинен :
- орто мектептер - 5
- лицей -1
- гимназия - 2
- башталгыч класс мектеби - 1
- спорт комплекси - 1
- балдар бакчалары - 8
- тарбияланып жаткан балдардын саны - 555
-Андан сыркары 2021-жыл ичинде дагы Жылдызча балдар бакчасына кошумча 60 балага ылайыкталган имарат ишке берилүү алдында турат.
2019-жылга Жергиликтүү кирешелер жыл башында 23942,7миң сомго пландаштырылып, жыл ичинде такталган 23796,5 миң сомдун ордуна 24295,5 миң сомго аткарылып, план 102,1 % га аткарылды.
Таблица боюнча алганда төмөндөгүдөй болуп аткарылды :
Салыктынаталышы | Бекитилген план | Такталган план | Түшкөнү |
Киреше салыгы | 5209,0 | 5209,0 | 5368,0 |
Чакан ишкерлерден алынуучу бирдиктүү салык | 13,0 | 13,0 | 59,0 |
Милдеттүү патент | 77,0 | 77,0 | 90,9 |
Ыктыярдуу патент | 690,0 | 690,0 | 818,3 |
Кыймылсыз мүлк салыгы 2 группа | 113,5 | 113,5 | 94,2 |
Транспорт салыгы юридикалык тарап | 0,0 | 0,0 | 0,5 |
Транспорт салыгы жеке тарап | 1545,0 | 1545,0 | 1628,5 |
Физикалык тараптардан алынуучу жер салыгы | 637,5 | 613,2 | 588,8 |
Айыл чарба багытындагы жер салыгы | 788,2 | 788,2 | 891,0 |
Айыл чарба эмес багытындагы жер салыгы | 190,0 | 258,1 | 273,0 |
Сатуудан тушкон салык | 390,0 | 190,0 | 256,0 |
Тендөөчү грант | 9998,6 | 9998,6 | 9998,6 |
Максаттуу трансферттер |
| 553,8 | 553,8 |
Лицензияны кармоо үчүн акы | 800,0 | 256,2 | 23,1 |
Калктуу пункттардгы жерлерден акы | 300,0 | 300,0 | 227,0 |
Жайыт үчүн акы | 341,7 | 341,7 | 341,8 |
Кайра бөлүштүрүү фондунун ижара акысы ФПС | 840,0 | 840,0 | 891,8 |
Муниципалдык имараттарды ижарага берүүдөн түшкөн акы | 0,0 | 0,0 | 1,0 |
Таштанды төлөмү | 314,4 | 314,4 | 347,0 |
Атайын каражат | 1694,8 | 1694,8 | 1843,2 |
Бардыгы | 23942,7 | 23796,5 | 24295,5 |
Тармактар боюнча төмөндөгүдөй болуп жумшалды
Бөлүк- чөлөр | Статьялардын аталыштары | Бектилген план
| Такталган планы | Чыгымдалган сумма |
701. | Башкаруу аппаратына | 7922,3 | 8187,0 | 7905,3 |
702 | Жарандык коргонуу | 100 | 100 | 100 |
704-29 | Жайыт | 286,6 | 286,6 | 286,6 |
704.91 | Айыл чарба түрдүү чыгым | 1810,0 | 2262,0 | 2117,8 |
706. | ЖКХ | 3093,8 | 3693,8 | 3611,1 |
708. | Маданият тармагына | 2724,1 | 2724,1 | 2657,7 |
709. | Билим берүүгө | 7705,9 | 7812,6 | 7579,7 |
710. | Соц. жардам | 300 | 379,4 | 379,4 |
| Жалпысы : | 22247,9 | 23682,8 | 22874,5 |
| Калдык | 1158959 |
|
|
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы |
Р. Коконбаев |