КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (алтынчы шайланган) жыйырма үчүнчү сессиясы
2020-жылдын 26-декабры № 23-5
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдарга социалдык-экономикалык онүгүү программасына киргизилген Кыргыз-Ата айылында жайгашкан А. Парпиев атындагы мектеп гимназиянын эски имаратын оңдоп № 26 ГСВ га кайра профилдөө долбооруна жергиликтүү бюджеттен өздүк салымы үчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2019-2020-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиялык планында Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндогу Кыргыз-Ата айылында жайгашкан А. Парпиев атындагы мектеп гимназиянын эски имаратын ондоп № 26 ГСВ га кайра профилдөө пландаштырылган. Бул долбоор мамлекеттик улуштук дем беруучу гранттын эсебинен каржылануусу үчүн айыл өкмөтүнүн өздук салымын кошуу максатында “Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 18-беренесинин 1-пунктуна негиз Кыргыз-Ата айылдык кеңешини кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндөгү Кыргыз-Ата айылында жайгашкан А. Парпиев атындагы мектеп гимназиянын эски имаратын ондоп № 26 ГСВ га кайра профилдөөну мамлекеттик үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен каржылоого долбоор даярдоо Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
2. Кыргыз-Ата айылында жайгашкан А. Парпиев атындагы мектеп гимназиянын эски имаратын ондоп № 26 ГСВ га кайра профилдөө үчүн даярдалган долбоорго айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен өздүк салымга 502500 (беш жүз эки миң беш жүз) сом акча каражаты ажыратылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин эканомика бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Назарбаев |