Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кабылан-Көл айылдык кеңешинин 5- чакырылышынын кезектеги 13-отурумунун
2020-жылдын 27-августу № 13/1
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндө аялдар арасында гендердик саясат жана турдүү иштерди жүргүзүү боюнча аткарылган иштер жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “2020-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүү боюнча иш аракеттердин улуттук планы жөнүндө” №786 токтомун аткаруу боюнча Кабылан-Көл айыл өкмөтүндө аялдар арасында гендердик саясат жана турдүү иштерди жүргүзүүдө аткарылган иштер жөнүндө айылдык кеңештин депутаты Аман уулу Саматтын маалыматын угуп, талкуулап, Кабылан-Көл айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “2020-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүү боюнча иш аракеттердин улуттук планы жөнүндө” №786 токтомун аткаруу боюнча Кабылан-Көл айыл өкмөтүндө аялдар арасында гендердик саясат жана түрдүү иш-аракеттер аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Айыл өкмөтүндөгү аялдар арасында гендердик саясат жана түрдүү иштерди жүргүзүү боюнча ар кандай иш чараларды уюштуруп туруу жагы аялдар кеңешинин төрайымы З.Абдыкадыровага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Г. Мадаевге жана айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Кабылан - Көл айылдык кеңешинин төрагасы: |
Ш.Акаев |