Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кабылан-Көл айылдык кеңешинин 5- чакырылышынын кезектеги 13-отурумунун
2020-жылдын 27-августу № 13/2
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына ремонт иштеринин абалы жөнүндө
Э. Мурзаев атындагы орто мектебинин, Күнгөй баштооч мектебинин жана Кабылан-Көл бала бакчасынын жаңы окуу жылына ремонт иштеринин абалы жөнүндө депутат Кулчакова Венеранын билдирүүлөрүн угуп, талкуулап Кабылан-Көл айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Э. Мурзаев атындагы орто мектебинин, Күнгөй баштооч мектебинин жана
Кабылан-Көл бала бакчасынын жаңы окуу жылына ремонт иштери талапка ылайык жүргүзүлгөндүгү белгиленсин.
2. Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү Э. Мурзаев атындагы орто мектебинин, Күнгөй баштооч мектебинин жана Кабылан-Көл бала бакчасынын жылуулугун бирдей температурада кармоо, отказандарын, печкаларын жагууда техникалык коопсуздук эрежелерин сактоо жагы мекеме жетекчилерине милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Г. Мадаевге жана айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Кабылан - Көл айылдык кеңешинин төрагасы: |
Ш.Акаев |