Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кабылан-Көл айылдык кеңешинин 5- чакырылышынын кезектеги 13-отурумунун
2020-жылдын 27-августу № 13/3
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү айылдык маданият үйүнүн элдин маданиятын көтөрүүдө аткарган иштери жөнүндө
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү айылдык маданият үйүнүн элдин маданиятын көтөрүүдө аткарган иштери жөнүндө айылдык кеңештин депутаты Акылбеков Баястандын маалыматын угуп, талкуулап, Кабылан-Көл айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү айылдык маданият үйүнүн элдин маданиятын көтөрүүдө бир топ алгылыктуу иштер аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Айыл өкмөтүндөгү айылдык маданият үйүнүн калкты тейлөөдө чыгармачылык менен иш алып баруусу жана ар кандай маданий иш чараларды уюштуруп туруу жагы маданият үйүнүн башчысы С.Эргешовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мадаевге жана айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Кабылан - Көл айылдык кеңешинин төрагасы: |
Ш.Акаев |