КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кабылан-Көл айылдык кеңешинин 5- чакырылышынын кезектеги 15-отурумунун
2020-жылдын 19-ноябры № 15/1
Кабылан-Көл айыл өкмөтүнө жогорку органдардан келген документтердин, атуулдардан түшкөн арыз даттануулардын аткарылышы жөнүндө
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош областындагы ыйгарым укуктуу өкулүнүн Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын токтом, буйруктарынын, каттарынын жана атуулдардан түшкөн арыз даттануулардын аткарылыш абалын карап чыгып, Кабылан-Көл айылдык кеңешинин 15-отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнө жогорку органдардан келген каттар менен иштөөнүн жана айыл тургундарынан түшкөн арыз даттануулар менен жарандардын кайрылуулары өз убагында аткарылып жаткандыгы белгиленсин.
2. Жогорку органдардан келген каттар, айыл тургундарынын арыз даттануулары менен иштөөнү өркүндөтүү, кайрылууларды өз убагында канааттандыруу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Г. Сарыбаевага милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мадаевге тапшырылсын.
Кабылан - Көл айылдык кеңешинин төрагасы: |
Ш.Акаев |