Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кабылан-Көл айылдык кеңешинин 5- чакырылышынын кезектеги 15-отурумунун
2020-жылдын 19-ноябры № 15/2
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү жашы жеткен өспүрүмдөрдүн аскерге чакырылуусунун жана альтернативдик кызматтагы жоокерлер боюнча жүргүзүлуп жаткан иштери
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү жашы жеткен өспүрүмдөрдүн аскерге чакырылуусунун жана альтернативдик кызматтагы жоокерлер боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы жөнүндө депутат Н.Масабировдун билдирүүсүн угуп, талкуулап Кабылан-Көл айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү жашы жеткен өспүрүмдөрдүн аскерге чакырылуусунун жана альтернативдик кызматтагы жоокерлер боюнча иш аракеттер жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленсин.
2. Жашы жеткен өспүрүмдөр менен алардын үй-бүлөөлөрүнө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана альтернативдик кызматтагы жоокерлер менен тыгыз байланышта иш жүргүзүү ВУС кызматкери С.Сыдыковго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мадаевге, көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Кабылан - Көл айылдык кеңешинин төрагасы: |
Ш.Акаев |