Редакцияот 19.11.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кабылан-Көл айылдык кеңешинин 5- чакырылышынын кезектеги 15-отурумунун

2020-жылдын 19-ноябры № 15/3

Айыл өкмөтүндөгү соц объектилердин, мекемелердин кышка карата даярдыгы жөнүндө

Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү №25 Э. Мурзаев атындагы орто мектебинин, Күңгөй баштооч мектебинин, “Кабылан-Көл” бала бакчасынын жана башка соц объектилердин кышка карата даярдыгы боюнча талкуулап Кабылан-Көл айылдык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2020-2021- жылдагы экономика тармактарын жана калкын күз-кыш мезгилине карата электр энергиясын пайдалануунун лимиттерин белгиленген лимитти сактоо, көмүрдү өз убагында түшүрүү, билим берүү мекемелеринде, балдар бакчасында от казандардын, электр энергиясынын техникалык коопсуздугун карап, көзөмөлдөп туруу мектеп директорлоруна, мекеме жетекчилерине жүктөлсүн.

2. Билим берүү мекемелери көмүр сатып алуу боюнча тендер өткөрүлүп, келишимдер түзүлүп, Э.Мурзаев атындагы орто мектебине 160 000 (бир жүз алтымыш миң) сом, Күңгөй бащталгыч мектебине 15 000(онбеш миң) сом, Кабылан-Көл балдар бакчасына 60 000(алтымыш миң) сом акча каражаты которулуп берилгендиги белгиленсин.

3. “COVID-19” пандемиясынын мүмкүн болуучу экинчи толкуну болушу мүмкүн деген болжолго таянып, күз-кыш мезгилине дыкаттык даярдыктарды көрүү бардык мекеме жетекчилерине милдеттендирилсин.

4. Элди арзан баада көмүр менен камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мадаевге жана айыл башчыларга жүктөлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мадаевге, көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин саламаттыкты сактоо, билим берүү, социалдык маданий иштер боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

Кабылан - Көл айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Ш.Акаев