КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кабылан-Көл айылдык кеңешинин 5- чакырылышынын кезектеги 15-отурумунун
2020-жылдын 19-ноябры № 15/4
Камкорчулар кеңешинин жүргүзгөн иштери жөнүндө
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү №25 Э. Мурзаев атындагы орто мектебинин жана Күңгөй баштооч мектебинин камкорчулар кеңешинин жүргүзгөн иштери жөнүндө талкуулап Кабылан-Көл айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү №25 Э. Мурзаев атындагы орто мектебинин жана Күңгөй баштооч мектебинин камкорчулар кенешинин жүргүзгөн иштери айрым кемчиликтерди эске алуу менен канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Аталган мектептердин камкорчулар кеңешинин топтолгон акча каражаттарын максаттуу пайдалануу жана мектеп үчүн камкордуктарды көрүү жагы камкорчулар кеңешинин төрайымдарына жана мектеп директорлоруна милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мадаевге, көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин саламаттыкты сактоо, билим берүү, социалдык маданий иштер боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Кабылан - Көл айылдык кеңешинин төрагасы: |
Ш.Акаев |